Көңүлүн калтыруу, назарын сындыруу, мизин кайтаруу. Таштын суугу демин суутсун деген жеңемөгдөй ийилип жаныңда тим турду эми (Сыдыкбеков). Кайсы бирөөлөр курбусунун демин суутуп, башка жакка басып кетет (Бейшеналиев).
Көңүлүн калтыруу, назарын сындыруу, мизин кайтаруу. Таштын суугу демин суутсун деген жеңе мөгдөй ийилип жаныңда тим турду эми (Сыдыкбеков). Кайсы бирөөлөр курбусунун демин суутуп, башка жакка басып кетет (Бейшеналиев). В.: Деми суу. Жамыйланын акырындык менен деми сууй баштайт («Ленинчил жаш»). Илдетти айыктыруудагы бул дарыгердин «сырын» билсем деп дегдеткен демим сууп, туруп калдым («Ленинчил жаш»). Дагы ушинтип берүүгө байланган улактай учу кыйырсыз кең талаада жата бере турган болсо, кошундун деми сууйт, таркап кетет (Касымбеков). Демин кайтаруу. ...Бирок бу жолу ошол цифра менен да газетанын жана анын авторлорунун демин кайтаргым келет («Кыргызстан маданияты»). Деми кесилүү. «Бул эмне, биротоло баарынан кол жууп, үмүтү үзүлүп, деми кесилип бүтүп келгенби?» – деп, ...жүрөгү дүкүлдөп кетти (Касымбеков). Демин кесүү. Ким сурады элиңди, ким кести сенин демиңди (фольк.). Деми кайтуу. Биз оозубуздан алдырган бөрүдөй демибиз кайтып жолго түштүк (Элебаев).